Биз менен байланышыңыз

Шайлоо-2021: Жаңы системага артылган үмүт

Кыска кабар , Саясат | 11 Фев 2021 | 1060 | 0
Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары
Кыргызстанда парламенттик шайлоо сентябрь же октярь айларына белгилениши мүмкүн. 

Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдум 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоолор менен бирге өтүшү мүмкүн. Андан кийин парламенттик шайлоонун күнү белгиленет.

Башмыйзамдын жаңы долбоору 17-февралда Жогорку Кеңеште талкууга коюлат. Ошондон кийин Конституциялык референдум боюнча мыйзам кабыл алынышы керек. Андан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы референдум өткөрөт.

БШКнын мүчөсү, юрист Кайрат Осмоналиев парламенттик шайлоонун күнү күз айларына белгиленсе туура болорун айтты.

«Парламенттик шайлоонун күнүн бекиткенге чейин жасай турган процесстер бар. Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум жергиликтүү кеңештерге шайлоолор менен бирге өтүшү мүмкүн. Бул — акчаны үнөмдөөгө жакшы мүмкүнчүлүк. Депутаттар кабыл алып берсе эле, БШК референдум өткөрүүгө даяр. Андан кийин бир топ конституциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Ошол эле «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга түзөтүү киргизүү зарыл. Андан соң президент өзүнүн жарлыгы менен парламенттик шайлоону жарыялайт. Менин оюмча, парламенттик шайлоо сентябрь же октябрь айларына белгилениши мүмкүн».
Кайрат Осмоналиев

Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо жаңы Конституциялык долбоордо жарымы бир мандатуу, жарымы партиялык система менен келет деп көрсөтүлгөн.

Парламенттик шайлоо буга чейин ар кандай мүнөздө өтүп келген. 1995-жылдан 2005-жылга чейин өлкөдө мыйзам чыгаруу жыйыны жана элдик жыйындан турган эки палаталуу парламент иштеди. Биринчиси 60 депутаттан туруп, алардын 15и партиялык тизме менен шайланган. Экинчисинде 45 депутат бир мандаттуу округдарда ат салышкан. Бирок бул системанын натыйжасы үмүттү актаган эмес.

2003-жылы Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөн. Анда мажоритардык шайлоо тутуму кайтарылды. Бул система менен III чакырылыш шайланып, бирок мөөнөтүнөн мурда тараган. Кайра пропорционалдык система калтырылган.

2010-жылы дагы өзгөртүлгөн Башмыйзам боюнча депутаттар парламентке партиялык тизме менен шайланышкан.

Быйыл жаңы шайланган президент Садыр Жапаров Конституцияны өзгөртүүнү туура көрүп, аралаш шайлоо системасы сунушталды. Мисалы, депутаттардын жарымы пропорционалдык, жарымы мажоритардык система менен келет.

Буга чейинки тарыхыбызда жүз пайыз пропорционалдык же толук мажоритардык система болгондогу кемчиликтер баарына маалым. Эксперттер аралаш система өтө оптималдуу болот деп эсептешет.

 «Кол бала парламент» болбошу үчүн…

Шайлоо системасы кандай болсо да, ар бир талапкерге добуш бергидей шарт түзүлүшү керек. Мындай ойду быйылкы президенттик шайлоодо талапкер болгон, экс-министр Улукбек Кочкоров «Маралдын» түз эфиринде айткан.

«Ошол эле пропорционалдык системада да каалаган адамга добуш бере турган болсоң, парламентке жакшы адамдар келет. Мисалы, мен тизмеде 55-катарда болоюн, бирок өлкө боюнча эң көп добуш алып, парламентке келсем, туура эле болот. Ошондуктан бир мандаттуу дегенди коюп эле, преференциалдык системаны киргизсек, толук кандуу эл өкүлдөрү келет. Ошондо «ручной парламент» болбойт. Азыр кандай гана сунуш, чечим келсе да, коньюктурага жараша чечимдер кабыл алынып калып жатпайбы.
Пропорционалдык добуш берүүнү киргизе турган болсок, күчтүү парламент келет. Ал өкмөткө сунушталып жаткан күчтүү кадрларды да тандай алат. Мисалы, бүгнкү күнгө чейин кандай болуп келди? Өкмөт курамын тизме менен алып келет, анан баары бир добуш менен кабыл алып берип коюшат. Парламент күчтүү болсо, айрым өкмөт мүчөлөрүн өткөрбөй да коё алат».

Улукбек Кочкоров

Депутаттардын саны кыскарат

Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны кыскарат. Конституциялык кеңештин төрагасы, юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев «Маралга» берген маегинде парламентке 90 депутат беш жылдык мөөнөткө шайланарын айткан.

«Жогорку Кеңеш укуктук ченемдерди бузган учурда жооп берет. Учурдагы Башмыйзамды жазган адамдар парламентаризмдин убалына калышкан. Алар «парламенттик башкарууга баратабыз» дегени менен парламентаризмдин негизги принциптерин бузушкан. Маселен, толук парламенттик башкарууга өтсөк, 2010-жылы президент эл тарабынан эмес, Жогорку Кеңеш тарабынан шайланышы керек эле. Мындан тышкары шайлоодо жеңген партиянын адамдары өкмөттү башкарышы керек болчу», — дейт Бөрүбашев.

Жаңы сунушталган Конституциялык долбоорго шайлоо тутуму жарымы бир мандатуу, жарымы партиялык система менен келет деп киргизилген. Бул кадамды кубаттаган жарандык активист Адил Турдукулов оюн төмөнкүчө түшүндүрдү:

  • Партиялар буга чейин аймактардагы көйгөйлөр менен тааныш болбой, парламенттин трибунасында элдин мүдөөсүн жеткирүүгө далалат кылбай келишкен. Азыр аралаш системанын негизинде бир мандаттуу округдан келген депуатттар түздөн-түз шайлоочуларга баш иет, партия лидерине же кайсы бир шайлоочуга баш ийбейт. Аймактардагы өзгөчөлүктөрдү түшүнүп, бийликтин көңүлүн бурдурууга шарт түзүлөт деген ишеним бар. Бир мандаттуу система менен келгендер бийликке көз карандысыз болгондуктан, ачык-айкын оюн билдирип, ошону менен популярдуулугу да өсөт. Мисалы, Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров жана башка депутаттар ушундай система менен шайланып келген. Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышы да «чимкирик» болбой, элдик депутат болуп бере алат деген ишеним бар.

2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун тагдыры чечиле элек

Жаңы Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр демилгечилердин сунушу гана. Ал азырынча кабыл алына элек. Мыйзамга таянсак, азыркы парламенттин иши легитимсиз экенин айта берип, тили тешилгендер көп.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Исхак Масалиев былтыркы парламенттик шайлоонун тагдыры чечиле электигин айтууда:

«Биз мыйзам чегинде карасак, бүгүнкү күнгө чейин былтыр 4-октябрда болгон парламенттик шайлоонун тагдыры чечиле элек. Себеби эсиңерде болсо, Борбордук шайлоо комиссиясы 20-декабрга экинчи турду коюп койгон. Бирок сот аны жокко чыгарды. Ага негиз катары, «Силер 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын чыгара элексиңер, ошондуктан экинчи турду дайындаганыңар туура эмес», — деп айткан. Ошондуктан Боршайком азыркыга чейин 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын чыгара элек. Биз укук талаасына кайта элекпиз.  
Менин көз карашымда, бул парламент тарашы керек. Биз мурдагы эле мыйзам менен жаңы парламентти шайлашыбыз керек. Андан кийин ушул жаңы парламент Конституциянын реформасын өткөрүп, керек болсо 1-2 жылдан кийин кайра шайлоо өткөрүп же мөөнөтүнүн аягына чейин иштеши керек. Ушундай кылганда гана кынтыксыз болмок».

Исхак Масалиев

Шайлоо системасы да аны ишке киргизүү да маанилүү. Себеби азыркы турмушта бийлик коррупциялашкан болсо, шайлоочу миң же эки миң сомго алданса, анда чыныгы парламенттик система курулушу кыйын.

Былтыр 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп, анда бийликчил аталган 3 партия жана оппозициялык  бир партия акыркы орун менен 7 пайыздык босогодон өткөн. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразылык билдирген партия өкүлдөрү митингге чыгышкан.

Социалдык тармактарда да шайлоонун жыйынтыгы боюнча жапырт түрдө нааразылык билдирилип, элдик толкундоолор массалык башаламандыкка айланып, бир жигиттин өмүрү кыйылган. Бийлик алмашып, өлкөдө саясий туруксуздук орун алган.

Copyright © 2017 Maral FM