Биз менен байланышыңыз

Президенттин портретин иш бөлмөгө илүү — демократиялык коомго жат көрүнүш

Коом , Саясат | 10 Фев 2021 | 636 | 0

«Менин сүрөтүмдү иш бөлмөңөргө илбей эле коюшуңарды сунуштайм». Бул Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилерине болгон кайрылуусунда айтылат. Мунун себебин ал азырынча элдин турмушун жакшыртуу үчүн кызмат кыла электиги менен түшүндүргөн.

Бул боюнча президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек мындай дейт:

«Президент Садыр Жапаров азыркы тапта өзүн атуулдардын жашоосун жакшыртуу үчүн эмгек кыла элекмин деп эсептейт. Ошондуктан президент бардык мамлекеттик органдарга портретин илбөөнү сунуштап жатат. Портрет илгиси келгендер Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков сыяктуу мамлекетти түптөп, социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошкон белгилүү инсандардын сүрөтүн илүүнү сунуштайт».

Бирок бул кайрылууга чейин эле Садыр Жапаровдун жөнөкөй сүрөтүн эмес, болгондо да килемге түшүрүлгөн портретин бөлмөсүнө илип алгандар, кире бериштеги эшигине бир эмес, эки сүрөтүн катар чаптап койгондор да болгон. Тарыхчы, профессор Кыяс Молдокасымов мындай көрүнүштү жасакерлик, жагалдануу катары сыпаттайт. Ал көп жылдан бери эле мамлекеттик кызматта иштеген жетекчилерге президенттин портретин иш бөлмөлөрүнө илбөөгө чакырып келет, бирок бири да кулак салбайт.

«Президенттин портретин илип алуу — мурдагы Советтер Союзунан калган көнүмүш адат. «Сөзсүз эле бирөөнүн сүрөтүн илүү керек» деген түшүнүк калып калган. Мурдатан ошол сүрөттөрдү илип жүрүп, аң-сезимине сиңип калгандар ошону мээсинен чыгара албай атат. Экинчи чети, жагалдануу, жасакерленүү аракети. Бир презденттин портретин чыгаруу үчүн бери дегенде эле 10 млн сом кетет экен. Маселен, буга чейинки бир президенттин сүрөтүн «Мен мындан жакшы баада алам, мен андан да ашырам», — деп, бири-бирине атаандашып атып, алды 2 миң, арты 5-10 миң сомго сатып алышкан. Айрым мамлекеттерде бир инсандын сүрөтүн мамлекеттик символ катары илүүнү мыйзамдык негизде кабыл алышкан. Маселен, Түркияда ар бир чиновник, жөнөкөй жаран деле Мустафа Кемаль Ататүрктүн сүрөтүн иш бөлмөсүнө, үйүнө илип коюшат. Ататүрк алар үчүн — символ, улутту сактап калган лидер. Биз деле маселен, Жусуп Абдрахманов сыяктуу инсандардын сүрөтүн илип койсок болот. Анан бир жылдык, үч жылдык, утурумдук, качып кеткен президенттин сүрөтүн илгенден эмне пайда таптык?»    

Бүгүнкү күнү Кыргызстанда 7 облус, 29 шаар, 44 район, 453 айыл өкмөтү, андан тышкары 16 министрлик бар. Булардын баарын кошсок, 548 жетекчи болот экен. Эгерде президенттин портретин ар бири орточо 3 миң сомдон жасатты деп эсептесек, анда 1,5 млн сомдон ашуун акча коротулат. Бул — орун басарларын, бөлүм башчыларын кошпогондон кийин келип чыккан сумма. Мындан сырткары жогорку окуу жайлар, мектептер, ооруканалар, ошондой эле мамлекетке караштуу бир катар уюмдар да бар. Алардын баарынын жетекчилерин кошо эсептегенде, өлкө казынасынан президенттин портретин жасатууга кыйла эле көп сумма коротулуп жүргөнү айтпасак да белгилүү.

Бул көрүнүш — Кыргызстанда же постсоветтик өлкөлөрдө кеңири жайылганы менен, Европада өөн учурайт Ал жакта өз өлкөсүнүн атрибуттарын гана илип коюшат. Англияда кээ бир монархиянын суктануучулары Англия ханышасынын же башка падышалык адамдын сүрөтүн өзүлөрүнүн каалоосу боюнча илип алышы мүмкүн. Дегеле чет өлкөлөрдөгү иш бөлмөлөрдөн президенттин же премьер-министрдин портретин көрбөгөнүн айтат саясатчы Сейтек Качкынбай.

«Бул — негизи, Компартиянын салты. Ал эми демократиялык мамлекеттерде мындай нерсе жок. Мен мисалга, Жапонияда көп жүрдүм. Депутаттарына деле жолугуп жаттым, мамлекеттик ишмерлеринин кабинетине деле кирип жаттым, бириникинен да өлкө башчынын портретин көргөн жокмун. Кабинеттери эркин эле болот. Жапондун герби турушу мүмкүн. «Улутчул, шовинист деп ойлоп калышпасын» деген ойдо кээде тууну деле илишпейт негизи».

Украинанын президенти Владимир Зеленский да кызматка жаңы киришип жатып, өз портретинин жетекчилердин иш бөлмөсүндө илинип турушуна каршы болгон. Ал президент сыйынуучу же ыйык саналган персона эмес экенин эскертип, анын ордуна өз балдарынын, үй-бүлөсүнүн сүрөтүн илип коюну, ар бир ишти жасаарда алардын көзүнө тике карап туруп, андан кийин чечим кабыл алууну сунуштаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM