Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан Сох анклавына аэродром кура баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Фев 2021 | 910 | 0

Фергана облусунун Сох районуна аэродром куруу иштери 8-февралда башталды. Бул тууралуу акимиаттын маалымат кызматы билдирген.

Аэродром үчүн Сохтун «Новобод» айыл аймагынан 4,5 гектар жер тилкеси бөлүнгөн. Аэродромдун учуу-конуу тилкесинин узуну 65о метрди, туурасы 100 метрди түзөт. Долбоордун суммасы — 12 млрд сум. Курулуш иштерин май айынын аягында бүтүрүү пландалган. Муну менен өзбек бийлиги Кыргызстандын курчоосунда калган Сох анклавынын тургундарын облус борборуна аба жолдору аркылуу үзгүлтүксүз байланышып туруусуна шарт түзүүнү көздөйт.

Буга чейин Өзбекстандын президенти Сох анклавын өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол койгон. Анда аэродром куруу да каралган болчу.

Эске салсак, былтыр июнь айында Кыргызстан менен Сох анклавынын чектеш аймагында жарандар ортосунда чыр чыккан. Андан соң Өзбекстандын жетекчилиги Сохту өнүктүрүү программасын кабыл алган.

Өзбекстандын Сох району — Кыргызстандын курчоосунда турган анклав болуп саналат. Аймактын тургундары облус борборуна баруу үчүн Кыргызстандын аймагы аркылуу өтөт. Өзбек тарап Сох району менен Фергана облусун түз байланыштыруу үчүн Риштан жолун ачып, коридор берүүнү өтүнүп келет.

Тажикстан кыргыз саясатчыларын чек ара темасында кылдат сүйлөөгө чакырды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM