Биз менен байланышыңыз

Тажикстан кыргыз саясатчыларын чек ара темасында кылдат сүйлөөгө чакырды

Кыска кабар | 10 Фев 2021 | 2429 | 0

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз тараптын айрым саясий ишмерлерин чек ара боюнча маселелерди айтууда кылдат болууга чакырды.

Тажик ТИМи билдирүүсүндө Төрт-Гүл суу сактагычына куйган каналдын башы Тажикстанга берилди делген маалыматка көңүл буруп, кыргыз-тажик чек арасындагы делимитация жана демаркация иштери толук аягына чыга электигин белгилеген. Ошондой эле Кыргызстандагы айрым саясий фигуралардын мындай такталбаган билдирүүлөрү чек ара аймагында жашаган боордош калктын абалын курчутушу мүмкүн экендигин эскертет. Мындан сырткары, такталбаган аймак же обьектти кайсы бир мамлекеттин менчиги деп айтпоого, такталбаган аймак деп белгилөө керектигин да кошумчалай кеткен.

Мындан тышкары мамлекеттик чек араларды тактоо иштери боюнча сүйлөшүүлөр өкмөттөр аралык комиссиянын кароосунда дагы деле уланып жатканын кошумчалаган.

Эскерте кетсек, 3-февралда премьер-министр Улукбек Марипов Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн программасы тууралуу айтып жатып, «Суу сактагычка куйган каналдын баш жагын алдырыптырбыз», — деп айткан. Кийинчерээк, өкмөт бул маалыматты четке кагып, сөз Төрт-Гүл суу сактагычына суу бөлүштүргөн «Головной» тууралуу эмес, «Кайырма» каналы жөнүндө болгонун билдирген. Жергиликтүү тургундар буга каршы митинг өткөрүп, Бишкекте да жарандык активисттер пикетке чыккан болчу.

Премьер-министрдин пикетке жеткирген пикири

Copyright © 2017 Maral FM