Биз менен байланышыңыз

Бакыт Сыдыков Улуттук энергохолдингдин төрагасы болду

Кыска кабар | 10 Фев 2021 | 392 | 0

Бакыт Сыдыков «Улуттук энергетикалык холдинг» компаниясынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Төрага Бакыт Сыдыковду жамаатка Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев тааныштырды. Министр Турдубаевдин айтымында, Сыдыковдун энергетика тармагында көп жылдык тажрыйбасы бар.

Министр: «Азыркы учурда энергетика тармагы оор абалга кептелди. Абалдан чыгуу үчүн чечкиндүү чараларды кабыл алуу зарыл. Мындай талап президент Садыр Жапаров тарабынан коюлду. Улуттук энергетикалык холдинг энергетика тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун маанилүү звеносу болушу керек», — деп белгиледи.

Өкмөт быйыл энергетикалык тартыштык болушу мүмкүн экенин эскертти

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM