Биз менен байланышыңыз

Өкмөт быйыл энергетикалык тартыштык болушу мүмкүн экенин эскертти

Коом | 17 Дек 2020 | 999 | 0

Акыркы күндөрү электр энергиясын пайдалануу белгиленген ченемден жогору болууда. Өкмөттүн токтомунда электр энергиясын суткалык керектөө 60 млн кВт саат деп көрсөтүлсө, акыркы суткада колдонуу 70 млн кВт саатка жетти. Ал эми токту керектөө кубаттуулугу 3274 МВтка жеткен. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын директорунун биринчи орун басары Алтынбек Рысбековдун айтымында, Өкмөт тарабынан бекитилген ченемдерге ылайык, ток менен камсыздоо, жабдууларды даярдоо иштери 100 пайызга аткарылган. Өлчөмдөн ашыкча пайдалануу күтүүсүз жагдай болгон.

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын биринчи орун басары Асхат Бердиев 14-декабрда өткөн маалымат жыйында бул жумада аба ырайы кескин сууктагандан улам электр энергиясы ашыкча короп кеткенин билдирген. Ал автоматтык өчүрүүлөр орун алып, коргоочу жабдуулар иштен кетпеси үчүн өлкө калкына үйдү жылытууда көмүр, газды да колдонуу чакырыгын таштаган эле.

16-декабрга карата Токтогул суу сактагычында 13 млрд куб метр суу калган. Өлкө боюнча электр энергиясын пайдалануу ГЭСтерде өндүрүлгөн токтун көлөмүнөн жогору болуп жаткандыктан, электр жарыгынын автоматтык түрдө өчүп калуу коркунучу жаралганын вице-премьер-министр Равшан Сабиров да маалымдаган.

«Белгиленген ченемден 10 млн кВт саатка ашыкча иштетилип жатат. Мындан улам көмөкчү чордондор көтөрө албай калып жатат». 

Ал арада электр энергиясын колдонуу боюнча чектөөлөр киргизиле баштаганы кабарланды. Эки күн мурун Бишкектин Ак-Жар, Ак-Бата жаңы конуштарынын жашоочулары жарык бир айдан бери тынымсыз өчүп жатканына нааразычылык билдиришип, айлампа жолду тосуп алышкан. Аламүдүн районунун акимчилиги трансформаторлорго күч келбеси үчүн эки конушка электр кезек менен берилерин, буга жергиликтүү тургундар да макул болушканын айтты.

Энергетика тармагы боюнча эксперт Мырзатай Султаналиев кыска убакыт ичинде жаңы көп кабаттуу имараттарды курууда, айрым ишканаларды иштетүүдө электр энергиясын колдонууну чектөө зарылдыгын айтат. Бирок бул маселенин утурумдук гана чечилишин камсыздап берет. Ал эми келечекте мамлекет бул маселе боюнча чара издеши учурдун талабы.

«Учурда бардык заманбап технологияларды эл колдонот. Электр энергиясына болгон талап жылдан-жылга өсө берет. Андыктан, токту өндүрүү дараметин көтөрүү керек». 

Анын айтымында, Өкмөт көйгөйдү комплекстүү түрдө чечүүнү колго алуусу зарыл. Ал ГЭСтер мындан ашык электр энергиясын иштеп чыга албагандыктан, Камбар-Атанын экинчи агрегатын ишке киргизүү, андан ары жаңы ГЭСтерди куруу зарылдыгын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM