Connect with us

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу дайындалды

Кыска кабар | 10 Фев 2021 | 1076 | 0
Оңдон солго карай экинчи турган Бактыбек Кудайбергенов

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Бактыбек Кудайбергенов дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мыйзамга ылайык, Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин Кудайбергенов Бактыбек Жапарович Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып турат. Буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Бактыбек Кудайбергенов мурун Чүй облусунун губернатору болуп иштеген. Учурда 59 жашта.

Өкмөт башчы Улукбек Мариповдун башка буйругу менен Эрмек Нургазиевди мэрдин милдетин аткаруучу катары дайындоо тууралуу чечими жокко чыгарылды.

Белгилей кетсек, кечээ 9-февралда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев өз арызы менен кызматтан кеткен. Анын ордуна Эрмек Нургазиев дайындалган. Бирок, кийинчерээк президент Садыр Жапаров Нургазиевге байланыштуу бир катар доолор бар экенин айтып, мындай адам мэрликке татыктуу эмес деген пикирин жазып чыккан.

Бишкек: Саясатташкан мэрлик кызмат

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM