Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Саясатташкан мэрлик кызмат

Саясат | 9 Фев 2021 | 1269 | 0

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кызматтан кетип, ордуна Эрмек Нургазиев келе турганы жөнүндө маалымат 8-январдын кечинде интернет аркылуу тарап, коомчулук дайындалуу алдында турган мэрдин буга чейинки жасаган иштерин сынга алып, нааразычылыгын билдирди.

Айтылган маалымат так экени бүгүн, 9-февралда өткөн маалымат жыйында белгилүү болду. Анда Бишкек шаарынын мэри Балбак Түлөбаев өз арызынын негизинде кызматынан бошотулганын, тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгонун айтып, өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен ордуна келип жаткан Эрмек Нургазиевдин ишине ийгилик каалады.

«Муну алып келди, муну кетирип атат» дебегиле. Өз каалоом менен кетип жатам. Президент кызматта калуумду суранды, иштей бербейсиңби деп. Мен ооруп жатам, оорусам да иштеп жүрөм. Азыр ооруканага жатып, дарыланышым керек. Ошондуктан ушундай чечим кабыл алдым. Бул кызматка президент Садыр Жапаровдун өтүнүчү менен убактылуу келгем. Кыйын учур болгондуктан келдим. Мен миссиямды аткардым деп ойлойм. Бийликте туруктуулук орноп, президент дайындалды».

Балбак Түлөбаев мындан тышкары жаңы мэрдин ишин колдоого чакырды. Ошондой эле өзү бийлик кайсы жакка жиберсе, барып иштегенге даяр экенин, ошондой эле алдыдагы шаардык кеңешке шайлоого катышпай турганын кошумчалады.

Шаардын жаңы мэри болуп 44 жаштагы Эрмек Нургазиев дайындалды. Ал бүгүн эмгек жамаатына тааныштырылды.

Ал өз сөзүндө алдыда боло турган Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоону таза өткөрүп алууну мойнундагы милдети катары белгиледи. Буга чейин бизнесте болгонун, эми жаңы кызматында Азиз Суракматов, Балбак Түлөбаев бүтүрө албай калган иштерди улантарын билдирди. Андан сырткары башаламан салынган имараттардын, күйүп кеткен прокуратуранын эски имаратынын жана башка бир катар муниципалдык имараттардын көйгөйүн чече турганын кошумчалады.

«Пландарымды президентке айттым. Жаран катары ишке ашыргым келген көптөгөн долбоорлорду карап жатам. Албетте, кээ бир жерлерде системдүү көйгөйлөр бар. Аларды чечкенге менин күчүм, эрким жетет деп ишенем. Аткарган иштерим шаар тургундарынын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталат».

Арадан 4 саат өтпөй анын мэрлик кызматтан кеткени желдей тарап, президент Садыр Жапаров да Нургазиевдин мэр болушу жөнүндө оюнан кайтканын соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Албетте, таза, жаш, идеялуу кадрлар көп. Маектеше келсең, жүзү жарык, иштемчил көрүнөт. Мурда-кийин бийликте иштебеген, коррупциялык иштерге аралашпаган деп тандаган кадрлардын артында да хулигандык, мүлк талаш иштери бар экен. Ошондуктан, шаардын мэрлигине коюуга мүмкүн эмес», — деди президент.

Бул боюнча Бишкек мэриясынын басма сөз кызматына байланышканыбызда маалымат такталып жатканын айтты.

«Мэрдин милдетин аткаруучу кандай иштеди?» деген өңүттө Бишкек шаарынын депутаты Канатбек Музуралиевге суроо салганыбызда, ал Түлөбаев ич жылытарлык иш кылбай, популисттик кадамдарга эле барганын белгиледи.

«Негизи шаардын мэринин милдетин аткаруучу болуп келгенден кийин чарбачылык иштер менен алектенсе болмок. Анын ордуна популисттик кадамдарга барып, Фейсбуктан түз эфирге чыгып алып: «Мен муну кылып атам, тигини кылып атам», — дегенден башка иш жасаган жок. Кечээки 100 күндүк отчетунда «Сен көтөргөн маселелердин бирөө аткарылдыбы?» — деген суроо бердим. Ал: «Жок. Менин колуман келбейт экен», — деп жооп берди. Ошол отчетте буга чейинки мэрлердин жасап кеткен иштерин «мен кылдым» деп көрсөтүп жатат. Ар бир адам өзүнүн ишин алып чыгып, өз ишине баа бериши керек эле да». 

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэрин шайлоону шаардык кеңештин жаңы чакырылышынын биринчи сессиясы башталгандан тартып, 10 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясы дайындайт. Аталган кызматка талапкерлерди шаардык кеңештин фракциялары, фракциялар коалициясы жана өкмөт башчы сунуштай алат. Талапкер шаардык кеңештин депутаттарынын жашыруун добуш берүүсү аркылуу шайланып, премьер-министрдин буйругу менен бекитилет. Шаардык кеңештин мөөнөтү бүткөндө, мэр да кызматтан кетет. Эгерде шаардык кеңештин мөөнөтү аяктаарына 6 ай калганда мэр кызматын тапшырып берсе, жаңы чакырылыштын депутаттары келгенге чейин кайра шайлоо бекитилбейт. Ордуна келген адам убактылуу милдетин аткаруучу катары иштеп турат.

Copyright © 2017 Maral FM