Биз менен байланышыңыз

Айтпаева: Саясий маданиятыбыз өтө начар

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Фев 2021 | 771 | 0

Пандемиянын арты менен жаңы маданий көрүнүштөр пайда болду. Мындай пикирин филология илимдеринин доктору Гүлнара Айтпаева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Ал коронавирус илдетинин артынан дүйнөнү каптаган кыйынчылыктарды акыр замандын жакындаганы менен түшүндүрүп, бул боюнча улуу акындардын чыгармаларынан мисал келтирди.

Айтпаеванын айтымында, адам карантинде болуп, өз алдынча жашап калганда, аң-сезимдүү түрдө кадамдары өзгөрөт. Таажы илдети бир топ өзгөрүүлөрдү алып келип, мурун орун алган нерселер маанисин жоготту. Маселен, той-аштын ордуна көбүрөөк дарыгерлерге муктаждык жогорулады.

«Пандемия кээ бир адамдар үчүн сабак болду. Илдет коомдогу чындыкты ачып берди. Бизде айлана-чөйрөнү эмес, жеке кызыкчылыкты көздөгөн адамдар көбөйүп кетти. Пандемия убагында орто деңгээлдеги жана анча-мынча колунда бар адамдар жардам берип жатты. Балким, акчалуулар да көмөк көрсөткөндүр. Вирустун айынан акчага зар болбогон адамдар да кайтыш болуп кетти. Анткени бизге медицинага жардам берүү бийик деңгээлде эмес. Бир четинен жардам катары келген каражаттар кайда кеткенин коомчулук биле албай калды. Бул да болсо — саясий маданият. Биздин саясий маданиятыбыз өтө начар», — дейт Айтпаева.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM