Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Гайпкулов Президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
Тийиштүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгону 8-февралда маалым болду.
Буга чейин бул кызматты Данияр Иманалиев аткарып келген. Ал башка кызматка өткөнү кабарланды.
Искендер Гайпкулов Жогорку Кеңешке «Ата Мекен» фракциясынан депутат болуп келген.