Биз менен байланышыңыз

Байтерек: Жапаров иш бөлмөгө өзүнүн сүрөтүн илбөөнү сунуштайт

Кыска кабар | 8 Фев 2021 | 1187 | 0

Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек мамлекет башчысынын сүрөтүн илүү маселеси боюнча комментарий берди.

Ал бардыгы кабинеттерге, мамлекеттик мекемелердин имараттарына элдин биримдигин жана мамлекеттик бийликти туюнтуу максатында өлкө башчынын портретин илип алганга көнүп калышкандыгын белгиледи.

«Президент Садыр Жапаров: «Жарандарыбыздын турмушун жакшыртуу жаатында азырынча эч нерсе жасай элекмин», — деп эсептейт. Андыктан, ал мамлекеттик бийликтин бардык органдарына анын портретин кабинеттерге жана административдик имараттарга илбөөнү сунуштайт», — деди маалымат катчы.

Галина Байтеректин айтымында, Садыр Жапаров иш бөлмөгө өзүнүн сүрөтүн эмес, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөгө жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө баа жеткис салым кошкон Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков сыяктуу көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин сүрөттөрүн илүү максатка ылайык келерин белгилеген.

Зеленскийдин иш бөлмөсүнө саякат (видео)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM