Биз менен байланышыңыз

Колдонулган беткаптарды курулуш материалына айландырса болот

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Фев 2021 | 1252 | 0

Австралияда колдонулган беткаптарды кайра иштетүү жолу ойлонуп табылды. Бул тууралуу британиялык «Daily Mail» гезити жазган.

Коронавируска байланыштуу дүйнө жүзү боюнча күн сайын 6,8 миллиардга жакын беткап колдонулары белгилүү болду.

Мельбурн шаарында жүргүзүлгөн изилдөөдө 1% майдаланган масканы 99% кайра иштетилген курулуш таштандылары менен аралаштырып, аны жол жана тротуарлардын курулушуна колдонууга мүмкүн экени аныкталган. Мындай ыкма колдонулса, бир чакырым жол тилкесине 3 миллион маска талап кылынары, бул таштанды полигондорундагы 93 тонна таштандыга барабар экени маалым болгон. Таштандылардын кайра иштетүү жолу менен даярдалган курулуш каражаты — ар кандай материалдардын аралашмасынан куралат. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, бул аралашмага маска жасоочу материалды кошуу ысырапкерчиликтин гана алдын албастан, материалдын сапатын арттырып, катуу жана бышык кылат.

Жолдорду жана тротуарларды курууда материал төрт катмар болушу керек. Анда ар бир катмар катуу, бирок ийкемдүү болуп, транспорттун басымына жана салмагына жарака кетирбеши абзел. Ушул аптада «Science of the Total Environment» журналында жарыяланган изилдөө көрсөткөндөй, кайра иштетилген таштандылар менен менен беткаптардын айкалышы алгачкы үч катмар үчүн идеалдуу экени далилденген.

«Бул алгачкы изилдөөдө жол куруу үчүн бир жолу колдонулуучу бет каптарды жок кылуу мүмкүнчүлүгү иликтенип гана калбастан, чыныгы инженердик артыкчылыктарды да жаратканы бизди абдан кубандырды», — деди баяндаманын автору доктор Мохаммад Сабериан.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, аралашма оор салмакты көтөрүүгө туруктуу, суу өткөрбөйт, баштапкы калыбынан бузулбайт жана деформацияланбайт. Маскалар алгач жөнөкөй антисептикалык каражат менен дезинфекцияланып, андан кийин микротолкундуу мешке бир мүнөт коюлган, натыйжада вирустук бөлүкчөлөрдүн 99,9% жок кылынган.

Copyright © 2017 Maral FM