Бишкек шаарынын прокурору Темирбек Бекмаматов жана Ош шаарынын прокурору Кубат Абдраимов кызматынан кетти. Бул тууралуу басма сөз жыйынында Башкы прокурор Курманкул Зулушев айтты.
Аты аталган прокурорлор саламаттыгына байланыштуу иштен кетүүгө арыз жазышкан.
«Бүгүн эки прокурор тең өз ыктыяры менен кызматтан кетүүгө арыз жазышты, буйрукка да кол коюлду», -деди Зулушев.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев 5-февралда басма сөз жыйынын өткөрдү. Ал прокуратуранын былтыркы жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, журналисттердин да суроолооруна жооп берүүдө.