Премьер-министр Улукбек Марипов Алматы шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу алкагында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту.
Алар соода-экономикалык, инвестициялык, айыл чарба, маданий-гуманитардык, суу-энергетикалык жана транспорттук тармактардагы кызматташтык маселелерин талкуулады.
Абдулла Арипов кесиптешин Кыргызстандын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, кыргыз-өзбек мамилелери жогорку ишеним деңгээлинде экендигин белгиледи.
Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелерин тактоону тездетүү, Кыргызстанга минералдык жер семирткичтерди ташуу тууралуу да сүйлөшүштү.
Жолугушуу соңунда Абдулла Арипов Өзбекстанга келип кетүүгө чакырды.
Улукбек Марипов 5-февралда Алматыда Беларусиянын өкмөт башчысы Роман Головченко менен да жолугушту.
Өкмөт башчылар Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.
Марипов андан тышкары, «Almaty Digital Forum-2021» эл аралык форумунун ишине дагы катышат.