Биз менен байланышыңыз

Алмазбек Атамбаев 7-апрелге чейин камакта калтырылды

Кыска кабар | 4 Фев 2021 | 839 | 0

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 7-апрелге чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 4-февралда кабыл алды.

Бүгүнкү соттук отурумда айыпталуучу Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары Сергей Слесарев жана Замир Жоошев Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн келтиришти.

Судья өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырды жана айыпталуучуларга карата тандалган бөгөт чарасынын мөөнөтүн 7-апрелге чейин узарттты.

Андан сырткары, жактоочулар иштин Атамбаевге карата бөлүгүн өзүнчө өндүрүшкө бөлүү жөнүндө өтүнүч келтиришкен. Бул өтүнүч да колдоо тапкан эмес.

Атамбаев өзү саламаттыгына байланыштуу отурмдарга катыша албай жатат. Кийинки отурум 18-февралга белгиленди.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча Атамбаев менен катар мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, гематолог Абдухалим Раимжанов жана Жаза аткаруу кызматынын ошол кездеги жетекчисинин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев айыпталууда.

Copyright © 2017 Maral FM