Биз менен байланышыңыз

Маданият министри Кайрат Иманалиевдин өмүр баяны

Кыска кабар | 4 Фев 2021 | 2790 | 0

Кайрат Иманалиев 3-февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри болуп дайындалды.

Аны эмгек жамаатына биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков тааныштырды.

Кайрат Иманалиев 1977-жылы Ысык-Көл районунун Темир айылында туулган.

1998-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

2000-жылы ушул эле университеттин магистратурасын аяктаган.

2009-2012-жылдары Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын аяктаган.

Эмгек жолу:

1999-2004-жылдары — Кыргыз улуттук телерадио берүү корпорациясынын «Казына» адабий-драмалык башкы редакциясында баяндамачы;

2004-2009-жылдары — ушул эле «Казына» адабий-драмалык башкы редакциясында башкы редактор;

2009-2011-жылдары — Кыргыз радиосунда башкы редактордун орун басары;

2007-2019-жылдары — Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин доценти;

2009- 2012-жылдары — ушул эле университеттин журналистика кафедрасынын башчысы;

2011-2018-жылдары — Коомдук телерадио берүү корпорациясында башкы директордун орун басары;

2018-2019-жылдары — Эл аралык «Руханият» ассоциациясынын вице-президенти;

2018-жылдан баштап азыркы учурга чейин Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде доцент;

2019-2021-жылдары Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары кызматын аркалаган.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, драматург. Илимий даражасы: Доцент.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM