Малекеттик Салык кызматы январда салыктар боюнча планды 1 млрд сомго ашыгы менен аткарды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
2021-жылдын январь айында 6 млрд 555,9 млн сом салык жана төлөм чогулду. Белгиленген план 1 млрд 45,9 млн сомго ашыгы менен жыйналган.
2020-жылдын январына салыштырмалуу салыктар 1 млрд 724 млн сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 135,7 %ды түздү.