Президент Садыр Жапаров кызматына расмий кирише электе ачылган Телеграм каналы аркылуу элге кайрылуу жасады. Ал алдыдагы 6 айда жаңы даярдалган Конституция жана жаңы мыйзамдар кабыл алынарын айтты.
Анын негизинде жаңы реформалар, өзгөрүүлөр болуп, кесипкөй кадрлар дыкат конкурс менен гана алынат. Премьер-министр кызматы жоюлуп, бири-бирин кайталаган мамлекеттик ишканалар, кызматтар жокко чыгарылат.
Жапаров бул процесстерди басып өтүү үчүн убакыт талап кылынарын айтууда. Ошондой эле ал кайрылуусуна төрт сап ыр кошкон:
Аккан суудай шар агабыз шашылып,
Адашпайлы биз адамдар аңтарылып, чачылып.
Кээде байкап кээ бир, кээ бир адамдардын мүнөзүн,
Таң каласың айлаң кетип баш катып.