Connect with us

Жапаров элге ыр аркылуу кайрылды

Кыска кабар | 4 Фев 2021 | 1667 | 0

Президент Садыр Жапаров кызматына расмий кирише электе ачылган Телеграм каналы аркылуу элге кайрылуу жасады. Ал алдыдагы 6 айда жаңы даярдалган Конституция жана жаңы мыйзамдар кабыл алынарын айтты.

Анын негизинде жаңы реформалар, өзгөрүүлөр болуп, кесипкөй кадрлар дыкат конкурс менен гана алынат. Премьер-министр кызматы жоюлуп, бири-бирин кайталаган мамлекеттик ишканалар, кызматтар жокко чыгарылат.

Жапаров бул процесстерди басып өтүү үчүн убакыт талап кылынарын айтууда. Ошондой эле ал кайрылуусуна төрт сап ыр кошкон:

Аккан суудай шар агабыз шашылып,

Адашпайлы биз адамдар аңтарылып, чачылып.

Кээде байкап кээ бир, кээ бир адамдардын мүнөзүн,

Таң каласың айлаң кетип баш катып.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM