Биз менен байланышыңыз

Министрликтердин биригиши: Алсыз тармактардын азабы арбындайбы же азаябы?

Саясат | 3 Фев 2021 | 1253 | 0

Өкмөт башчылыкка талапкерлиги сунушталган Улукбек Марипов 22 өкмөт мүчөсүнүн 16сы гана калтырылганын айтты. Жаңы түзүлгөн өкмөттүк түзүмгө үч министрлик: Коргоо министрлиги, Энергетика жана өнөр жай министрлиги, Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министрлиги кошулуп, ошол эле учурда бир топ министрликтер бириктирилди. Алардын катарында Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Социалдык өнүктүрүү министрлиги бар. Дүйнө жүзүн пандемия каптап, өлкөдөгү медицина тармагы оор кырдаалды башынан өткөрүп жатканда саламаттыкты сактоо тармагына социалдык тармакты бириктирүү канчалык туура жана натыйжалуу болот? Бул суроонун алкагында серепчилердин пикирин тыңдадык. 

Өкмөт башчылыкка сунушталып жаткан Улукбек Марипов өкмөттүн курамына 16 талапкерди сунуштады. Алардын катарында жаңы түзүлгөн Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Алымкадыр Бейшеналиев көрсөтүлдү. Бейшеналиев 2019-жылдын октябрында аталган тармакка министр болуп дайындалган. Ал кесиби боюнча хирург, 20 миңден ашун операция жасаган. Медицина жаатында 120дан ашык илимий эмгеги, анын ичинен беш монографиясы жарыяланып, бир ойлоп табуусуна патент алган.

Азыркы министр өзү хирург болгондуктан, социалдык өнүктүрүү тармагын канчалык алып кете ала тургандыгы суроо жаратып жатканын медицина тармагы боюнча эксперт Айбар Султангазиев билдирди.

Анын пикиринде, аталган министрликтин орун басары социалдык тармактын өкүлү болушу керек же социалдык тармакты караган күчтүү департамент түзүлүшү керек.

Бир четинен алганда, министрликтердин кыскарып жатканы туура, бирок жаңы министрликтин ички түзүмү кандай болору суроо жаратат. Маселелер кандай чечилет, башкаруу кандай болот, ошол коркунуч жаратат. Балким ошол министрликтин алдында департамент түзүлөбү? Жаңы министрликтин жаңы түзүмүн көрүү керек. Сөзсүз социалдык өнүктүрүү жагына көнүл бурушу керек. Себеби бизде канча миңдеген майыптар, жөлөк пул алган миңдеген жараныбыз бар. Эл каякка кайрылат? Булар үчүн мамлекеттин өзүнчө программалары бар. Аларды ким текшерип, ким карайт? Ошондуктан министрликтин алдында ушунун баарын тескеген күчтүү департамент болушу керек. 

Өкмөт мүчөлөрүнүн же кызматкерлердин санын азайтуу эле «жакшы» реформа дегенге жатпайт. Мындай пикирин мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирип, андай тажрыйба дүйнө жүзүндө болбогондугун, негизгиси, экономиканы көтөрүп, колдон келишинче иш орундарын ачып, пайда келтирилбесе да, элди бир жумуш менен камсыз кылуу керектигин айтат.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги деп бириктирип койгондон, 4-5 башчынын азайганынан маселе чечилбейт. Бул түзүлүш бирдиктүү иш алып барганга чейин 5-6 ай өтүп, калыптанганга чейин кызматтар аксайт. «Бүткүл дүйнөдө пандемия күчөп, эмдөө үчүн вакцинага акча таппай жаткан мезгилде муну кантип алып барат?» — деген суроо жаралат. Эмнеге? Кечээ жакында эле вакцина боюнча караганда «USAID берет» деди, ал төгүндөдү, «UNICEF берет» деди ал да төгүндөдү, вице-премьер-министр менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин эки ача билдирүүлөрү бир жума элди убара кылды. Ошондуктан мен айткым келет эле, булардын эл билбеген планы болсо керек. Ошол планы элге эмне алып келерин, кайсы убакытта бул толук кандуу иштеп кетерин ачык түшүндүрсө, «бул туура, бул туура эмес» десек болот эле. Азыр мен конкреттүү түрдө элестете албайм да.

Батыралиев ошондой эле мамлекетти кайсы тармакка алып баруу, кантип багуу жаңы президент менен жаңы өкмөттүн мойнундагы жүк экендигин айтып, азыр сыноого эртелик кыларын белгиледи.

Ал эми мурунку Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Саламаттыкты сактоо министрлиги өзү баш-аягын таппай жаткан учурда ага Социалдык өнүктүрүү министрлигин кошуу таптакыр туура эмес деп эсептейт.

Кочкоровдун билдирүүсүнө ылайык, бүгүн жакырчылык жана жумушсуздук күч алып жатканын эске алуу менен жана аярлуу катмардагы элдин маселелерин эске алуу менен, бул министрликти өзүнчө түзүп чыкса болмок.

Менин оюмча, бул өтө жаңылыш чечим болду. Тескерисинче, Социалдык өнүктүрүү министрлигин башкача кылып түзсө болмок. Ал жакка социалдык фондду кошуп, миграция кызматын жана кесиптик билим берүү агенттигин кошуп түзгөндө, бирдиктүү социалдык саясат жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк болот эле. Азыр Саламаттыкты сактоо министри өзүн эптей албай жатканда, дагы бул министрлик кошулганы жакшы болбойт.

Бүгүнкү күндө жалпысынан 48 министрлик, комитет, агенттик жана ведомство бар. Анын баары кыскарып, 22 өкмөт мүчөсүнүн 16сы гана калат. Комитет, агенттик жана башка ведомстволор ошол министрликтердин карамагына өтөт. Бирок, азыркыга чейин министрликтердин ички түзүмү кандай өзгөртүлө тургандыгы боюнча расмий маалымат чыга элек. Министрликтердин саны кыскарганы менен ичиндеги кызматкерлердин саны ошол эле бойдон калышы мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM