Биз менен байланышыңыз

Мындан ары COVID-19 боюнча ыкчам штабды Саламаттыкты сактоо министри жетектейт

Кыска кабар | 2 Фев 2021 | 1439 | 0

COVID-19 боюнча Республикалык ыкчам штабды жетектөө мындан ары Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучуга өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева ыкчам штаб менен өткөргөн жыйында билдиргенин Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ал мунун себебин Өкмөттүн жаңы түзүмүнөн вице-премьер-министрлердин орду кыскарып кеткендиктен, курамга кирбей калганы менен түшүндүрдү.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө учурдагы эпидемиологиялык кырдаал жана коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

«Коронавирус пандемиясынын оор мезгилиндеги иштери үчүн ыкчам штабдын бардык мүчөлөрүнө чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. 2020-жыл абдан оор жыл болду, биздин дарыгерлер «жылаңач колу» менен мекендештердин өмүрүн сактап калды. Алардын эмгеги баа жеткис. Үч ай ичинде биз медициналык мекемелерди жана адистерди даярдоо иштерин жүргүздүк, көптөгөн маанилүү маселелерди иштеп чыктык. Штабдын иши мындан ары да ушул темпте жүрөт деп ишенем», — деди Сурабалдиева.

Мындан тышкары дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясынын жаңы штаммдары катталып жатканын, ал тургай коңшу өлкөлөргө чейин кирип келгенин эске салып, коопсуздук чараларын дагы да күчөтүүгө, 2020-жылдагы «кара июлдун» кайталануусуна жол бербөөгө чакырды.

Жолугушуунун соңунда өткөрүү пункттарын жана аэропортторду күчөтүлгөн тартипке өткөрүү, Саламаттыкты сактоо жана Финансы министрлигине коронавирус инфекциясына каршы калкты эмдөө боюнча маселелерди иштеп чыгууну тездетүү тапшырмасы берилди.

Copyright © 2017 Maral FM