Биз менен байланышыңыз

Акыркы премьер-министрдин багыты: Оптималдаштыруу, татыктуу кадрларды дайындоо

Саясат | 2 Фев 2021 | 1354 | 0

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети өкмөт башчылык кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын талкуулап, жактырды. Марипов өз программасын тааныштырып жатып, өкмөттүн курамын оптималдаштыруу учурдун талабы экенине токтолду.

«Экономика жана финансы министрлиги бириктирилип жатат. Өлкөдөгү экономикалык абалды эске алуу менен кирешелер боюнча жоопкерчиликти күчөтөлү дедик. Ушул жакты жетектөөчү адиске вице-премьер-министр макамын берип жатабыз. Коргоо министрлиги да калыбына келтирилип жатат. Социалдык өнүгүү министрлиги Саламаттык сактоо министрлигине бириктирилип жатат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги түзүлүп жатат. Ал эми Транспорт жана жолдор министрлигине архитектура, коммуникация багытын кошуп жатабыз», — деди Улукбек Марипов.

Марипов бири-бирин кайталаган кызматтарды бириктирүү каржылык ресурстарды натыйжалуу бөлүштүрүүгө, кадрлардын жоопкерчилигин күчөтүүгө шарт түзөрүн билдирди.

Ал эми өкмөттүн курамына 16 талапкерди сунуш кылынды. Алардын сегизи жаңы сунушталып жатса, калган сегизи — өкмөттүн курамында мурда иштеп келгендер. Марипов жаңы курамга өз тармагын мыкты билген татыктуу кадрлар тандалганын белгиледи.

«Министрликке көрсөтүлгөн талапкерлердин баары — дасыккан, азыркы кырдаалды түшүнгөн адистер. Баары менен пикир алыштык. Кызматка келсек, жоопкерчиликти мойнубузга алып, сиздер менен иш алып барууга бел байлап турабыз».

Жаңыдан куралып жаткан өкмөт даярдалып жаткан Башмыйзам күчүнө киргенче иштейт. Депутаттар бул кыска убакыт ичинде натыйжалуу иштеп берүүгө чакырды. Улукбек Мариповдун айтымында, жаңы Конституция ишке кирсе, негизинен ушул эле курам иштей берүүсү мүмкүн.

«Азыркы өзгөртүү жаңы Башмыйзамдын өзөгүнө шайкеш келтирилди. Бул түзүм эки айдан кийин кайра өзгөртүлбөйт деп ойлойм. Бул туурасында Садыр Нургожоевич менен пикир алыштык», — деди Марипов.

Талкуу маалында тармактык комитеттин мүчөлөрү да өкмөттүн алдын ала программасына өз сунуштарын берүү менен бир добуштан колдошту. Процедура боюнча эртең парламенттин жалпы жыйыны карайт.

Copyright © 2017 Maral FM