Биз менен байланышыңыз

«Скай-Мобайлдын» башкы директору камалды

Кыска кабар | 2 Фев 2021 | 581 | 0

Аскер прокуратурасы менен Улуттук коопсуздук боюнча комитет биргелешип жүргүзгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында байланыш операторуна радиожыштык спектрин пайдалануу үчүн лицензия берүүдө коррупциялык иштер болгонун аныкташты.

Тергөөнүн жүрүшүндө радиожыштыкты коррупциялык жол менен сатып алган «Скай-Мобайл» компаниясына таандык «Билайн» байланыш оператору экени далилденип, компаниянын башкы директору Е.К. Кылмыш-жаза кодексинин 98-беренеси менен кармалды.

Кылмышка шектүү учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иштери уланып жатат.

Белгилей кетсек, «Скай-Мобайл» компаниясынын башкы директору кызматын Евгений Кражан аттуу жаран аркалап келген.

Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси кармалды

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM