Connect with us

Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси кармалды

Кыска кабар | 2 Фев 2021 | 772 | 0

Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси мамлекетке ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирүү боюнча шектелүүдө.

2021-жылдын 1-февралында Аскер прокуратурасы тарабынан Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси Ч.Б. Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмүндө («Коррупция») каралган кылмышка шектелип кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Кармалган жетекчи мамлекеттик жогорку кызмат орундарды ээлеген аткаминерлер жана коммерциялык уюмдун өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө барып, 2016-жылдын декабрь айында байланыш операторуна телекоммуникация жана маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн радиожыштык спектрин пайдалануу укугуна лицензия берген.

Ошол эле учурда ушундай эле радиожыштык спектри 298 млн 803 миң сомго сатылгандыгына карабастан, жогорудагы берилген лицензиянын баасы болгону 1000 сомду түзүп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка жагдайларды аныктоо боюнча тийиштүү тергөө аракеттери улантылууда.

Белгилей кетсек, кармалган жаран Чыңгыз Бекташев экени айтылууда. Ал Темир Сариевдин өкмөтүнүн (2015-2016) курамында иштеген.

Copyright © 2017 Maral FM