Япон бийлиги коронавирус көп катталган Токио жана дагы 20 райондогу өзгөчө кырдаал режимин 7-мартка чейин узартты.
Буга чейин 7-январда коронавирустун жайылуусун алдын алуу мексатында Токиодо катаал карантин киргизилген. Бул чектөөлөр 7-февралда аякташы керек болчу, бирок кырдаалга жараша карантинди дагы бир айга узартуу чечими кабыл алынды.
Учурда Токиодо коронавирус жаңы катталган көрсөткүч суткасына 633төн 393кө кыскарды. Бирок январь айы боюнча алганда жалпы 40 миң адамдан илдет аныкталган.
Японияда азырынча коронавируска каршы жалпы эмдөө баштала элек.
Япония: Аскер кызматкерлери коронавируска каршы күрөшкө тартылды