Биз менен байланышыңыз

Ноокен районунда төрт логистикалык борбор иштеп жатат

Кыска кабар | 2 Фев 2021 | 569 | 0

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунунда жашылча жана мөмө-жемиштерди сактап туруучу 4 логистикалык борбор иштеп жатат.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, Массы айыл өкмөтүнүн аймагындагы жеке ишкер тарабынан курулган 2 миң тонналык, Бүргөндү айыл өкмөтүндөгү «Шедрая Долина» айыл чарба кооперативинин миң тонналык, «Бүргөндү» айыл чарба сервистик кооперативинин 150 тонналык, Достук айыл өкмөтүнүн Шаркыратма айылындагы Жалал-Абад айылдык консультация кызматы коомдук фондунун «Дыйкан ордо» аттуу 100 тонналык логистикалык борбору бар.

Андан сырткары 2020-жылы Достук айыл аймагынын Шамалды-Сай айылынын Ош-Бишкек унаа жолунун жээгине 300 тонналык муниципалдык логистикалык борбор ачылган. Ага 3 млн 500 миң сом каражат сарпталган.

Достук айыл аймагынын Кызыл-Туу айылында да жеке ишкер тарабынан 4 млн  сомго 200 тонналык муздаткыч орнотулуп, пайдаланууга берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM