«Электр станциялар» ишканасынын башкы директору Жолдошбек Ачикеев берген арызына ылайык кызматынан кетти. Бул тууралуу аталган ишканадан кабарлашты.
Маалыматка караганда, анын ордуна Таалайбек Бектенов башкы директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал башкы директордун биринчи орун басары болуп иштеп келген.
Жолдошбек Ачикеев «Электр станциялар» ишканасын 2020-жылдын 27-февралынан бери башкарды.