Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги окуу жайлардын бирине чет өлкөлүктөр мыйзамсыз чакырылган

Кыска кабар | 2 Фев 2021 | 420 | 0

Бишкекте жогорку окуу жайлардын бирине чет өлкөлүктөр мыйзамсыз чакырылганы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, окуу жайлардын бири Кыргызстандын аймагына келүүлөрү үчүн чет өлкөлүк жарандарга мыйзамсыз миграция уюштурган. Мамлекеттик органдарга жалган маалымат берип, «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамдын талаптарын одоно бузушкан. Кыргыстанга мыйзамсыз келгендер банкты тоноого аракет кылышкан.

Бул факты Жоруктар жөнүндө кодексинин 122-беренеси («Тышкы миграцияны мыйзамсыз уюштуруу») боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Андан сырткары, Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринин бири миграциялык мыйзамды бир нече жолу бузгандыгы аныкталып, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Мамлекеттик органдардын маалыматына ылайык, 2020-жыл үчүн республиканын жогорку окуу жайларында 15 миңден ашык чет өлкөлүк студенттер окууда.

«Тышкы миграцияны уюштуруу» мыйзамына ылайык, чет өлкөлүктөрдү жана жарандыгы жокторду Кыргызстанга чакырган жарандар аларга укуктары менен милдеттери жөнүндө түшүндүрүп берүүгө милдеттүү. Ошондой эле алардын Кыргызстанга келүүлөрү, республиканын аймагында жүрүүлөрү жана келүү убактылары аяктаганга чейин өз убагында документтерди каттоо жана даярдап берүү үчүн чараларды көрүү керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM