Журналист Ыдырыс Исаков УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Ыдырыс Исаков УКМКнын Бишкектеги дарегине 2-февраль саат 14.00гө чакырылган. Ал суракка белгиленген убакытта келбесе, мажбурлап алып келинет.
Ыдырыс Исаков иликтөөчү журналист. Ал буга чейин «Азаттык» радиосунда иштеген.
Ушул жылдын 9-январында «Финполчу Токоевдин туугандарына катталган мүлктөр» деп аталган иликтөөсүн жарыялаган. Анда Финансы полициясынын ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын башчысы Айбек Токоевдин мүлкү тууралуу бир нече фактылар айтылган.
Айбек Токоев УКМК тарабынан 22-январда камакка алынган.