Биз менен байланышыңыз

Коронавирустун «британ штаммы» Өзбекстанга да келди

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Янв 2021 | 991 | 0

Өзбекстанда коронавирус инфекциясынын «британ штаммын» жуктурган биринчи учур аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана саламаттыкты сактоо кызматынын башчысы Баходир Юсупалиев билдирди.

Вирус 23-январда Дубайдан үй-бүлө мүчөлөрү менен кайтып келген Ташкент шаарынын тургунунан табылган.

Инфекция жаранды эл аралык аэропортто жаранды экспресс ыкмасы менен тестирлөөдө аныкталган. Андан кийин бейтап тез жардам кызматы аркылуу жугуштуу оорулар ооруканасына жеткирилген. Ошол эле күнү бейтап ооруканада текшерүүдөн өтүп, ага симптомсуз COVID-19 диагнозу коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM