Биз менен байланышыңыз

Германия беш өлкөгө чек араларын жапты

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Янв 2021 | 276 | 0

Германия коронавирустун жаңы түрлөрүнүн жайылышына байланыштуу өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөрттү. Бул тууралуу «DW» билдирди.

Маалыматка ылайык, Португалия, Ирландия, Улуу Британия, Түштүк Африка Республикасы жана Бразилиядан келген коноктордун 30-январдан 17-февралга чейин Германияга кирүүсүнө тыюу салынат.

«Коронавирустун жаңы, өтө кооптуу түрү бул өлкөлөрдө тездик менен жайылууда», — деп айтылат маалыматта.

Бул тыюу салуу өлкөгө кайтып келген Германиянын жарандарына тиешелүү эмес.

Акыркы маалыматтарга караганда, Германияда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 2,2 миллиондон ашып, 57,1 миңден ашуун адам көз жумган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM