Биз менен байланышыңыз

Эл аралык жоолук күнү Филиппинде улуттук майрамга айланды

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Янв 2021 | 1344 | 0

Дүйнө жүзүндө 1-февралда расмий эмес майрамдалган эл аралык жоолук күнү — Филиппинде улуттук майрам катары кабыл алынды. Демилге ушул жуманын башында Филиппиндин Өкүлдөр палатасы тарабынан бир добуштан кабыл алынды. Эми 1-февраль бул өлкөдө жыл сайын «Улуттук жоолук күнү» улуттук майрам катары белгиленип турмакчы. Бул күнү бүткүл өлкө боюнча мусулмандардын жоолугуна арналган иш-чаралар өткөрүлүп, ага диний көзкарашына карабастан ар бир адам катыша алат деп пландалууда.

Белгилей кетсек, биринчи жолу жоолук күнү 2013-жылы Нью-Йорктук мусулман аял Назма Хандын демилгеси менен белгиленген. Алгач бул дата өтө жөнөкөй белгиленип, бара-бара эл аралык майрамга айланган.

1-февраль бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү дүйнөнүн көп өлкөлөрундө белгиленет. Акыркы жалдары Кыргызстанда да уюштурулуп келге жатканын байкоого болот. Бул демилгени “Умма” ислам журналынын редактору Элиана-Марьям Сатарова көтөрүп чыгып, айымдар арасында ар кандай иш-чараларды уюштуруп келет. Анын алкагында жоолукту шариаттын талабы боюнча, жараткан алдындагы милдет экенин кабыл алган айымдар жана жоолукту улуттук баалуулук жана жөн гана кооз аксессуар катары көргөн аялзаты  бир ортодо биригип, өз ара диалог куруп, жоолуктун баалуулугун даңазалап келет.

Copyright © 2017 Maral FM