Биз менен байланышыңыз

Европа өлкөлөрү чек араларын жабууда

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Янв 2021 | 849 | 0

Учурда Парижде каронавирустун статистикалык көрсөткүчү өтө коркунуч жартапаганы менен, жаңы штаммдардын жайылышы олуттуу тынчсызданууну пайда кылганы айтылат. Министрлердин айтымында, вирустун жаңы түрүнүн жайылышын чектөө зарыл.

Жума күнү Улуу Британияда үйдө  кечелерди уюштуруп, 15 адамдан ашык чогулгандарга үчүн 800 фунт стерлинг айыппул төлөө каралган. Анын үстүнө, ар бир кайталанган мыйзам бузуу үчүн айып пул эки эсеге көбөйтүлөт.

Германияда федералдык өкмөт — Бразилия, Улуу Британия, Ирландия, Португалия жана Түштүк Африкадан кирүүнү чектөөгө макул болду. Коронавирустун жаңы түрлөрү бул өлкөлөрдө кеңири тараган. Берлинде ооруну жуктуруп алгандардын саны октябрь айынан бери төмөндөгөн.

Норвегия — падышачылыкта жашабаган адамга чек арасын жабат. Медицина кызматкерлери үчүн гана жана товарларды жеткирүү үчүн уруксат берилет. Буга чейин өлкөнүн борбору — Ослодо жана ага жакын жайгашкан бир нече райондо катуу карантиндик чаралар киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM