Биз менен байланышыңыз

Индия Кыргызстандын жарандарына операция жасоону арзандатышы мүмкүн

Кыска кабар | 29 Янв 2021 | 645 | 0

Кыргызстандын жарандары үчүн Индиядагы адистештирилген ооруканада («Дхарамшила Нараяна») жүлүн, боор жана бөйрөктү алмаштыруу операциясынын наркы төмөндөтүлүшү мүмкүн. Бул боюнча атайын макулдашуу болгонун Кыргызстандын Индиядагы элчилиги кабарлады.

28-январда Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаев Нью-Дели шаарындагы аталган госпиталдын түндүк аймагы боюнча директору Навниит Бали жана дарыгерлер менен жолугушкан.

Тараптар тажрыйба алмашуу жана квалификацияны жогорулатуу үчүн ушул жылы кыргыз жана индус медиктеринин иш сапарларын уюштуруу боюнча келишимге кол коюшту.

Кыргыз жарандарынын дарылануусун сарамжалдуу пландаштыруу максатында индиялык дарыгерлердин онлайн кеңештерин уюштуруу тууралуу да сөз болду.

«Dharamshila Narayana Superspeciality» ооруканасы — дүйнөлүк класстагы медициналык инфраструктурага ээ, кардиология, онкология, жүлүндүн трансплантациясы, интенсивдүү терапия, неврология, боорду жана бөйрөктү трансплантациялоо сыяктуу адистиктер боюнча комплекстүү медициналык жардам берген жогорку квалификациядагы врачтары бар заманбап көп тармактуу оорукана.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM