Биз менен байланышыңыз

Франция президенти Садыр Жапаровду куттуктады

Кыска кабар | 29 Янв 2021 | 395 | 0

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Садыр Жапаровду Кыргызстандын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Макрон саясий, экономика жана маданий багыттагы эки тараптуу кызматташууну улантууга кызыкдарлыгын билдирди.

«Франция Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүнү колдойт. Өнөктөштүктү жана кызматташтыкты кеңейтүү жөнүндө Макулдашуунун жакында күчүнө кириши Европа Биримдиги жана анын 27 мүчөсү сиздин өлкөнү укуктук мамлекет, демократия менен туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү жолуна жетишүүгө колдоосунун далили».

Макрондун айтымында, Франциянын Борбордук Азия изилдөө институтунун (IFEAC) Бишкекте болушу — изилдөө, гуманитардык жана коомдук илимдер чөйрөсүндөгү кызматташтыкты күчөтүү үчүн артыкчылык болуп эсептелет.

Ошондой эле Бишкектеги Француз альянсы да француз тилин жана маданиятын жайылтуунун негизги куралы болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM