Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаардык сотуна мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча суракка чакырылды. Бул маалыматты Зилалиевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова тастыктады.
Маалыматка караганда, Сооронбай Жээнбеков суракка күбө катары чакырылган. Ал «Оптима Банктын» сейфинен 1 миллион доллардын табылышы боюнча суралат.
«Зилалиев кармалганда «Оптима Банктын» кутучасынан 1 миллион доллар табылганы жөнүндө интернетте видео тарап кеткен. Зилалиев 2017-жылдын 8-декабрында кармалган. Тергөө учурунда Зилалиев УКМКга көрсөтмө берип, банктын уячасынан табылган акча Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнө жумшалганын айткан. Ал ага жеке өзү акча берген, муну Сапар Исаков да тастыктай алат», — деди жактоочу.
Адвокат мындан улам Сооронбай Жээнбековду суракка чакыруу боюнча сотко өтүнүч келтирип, сот өтүнүчтү канааттандырган.
Маалыматтарга караганда Жээнбеков суракка 3-февралга келиши керек.
Дүйшөнбек Зилалиев «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 9 жылга эркинен ажыратылган.