2021-жылдын январынан тарта этил спиртине жана алкоголдук продукциялардын айрым түрлөрүнө акциз салыгынын наркы белгиленди.
Мамлекеттик салык кызматы бул ЕАЭБдин алкагында акциздердин наркын айкалыштыруу максатында жасалганын кабарлады.
Арак жана ликер-арак ичимдиктерине, күчтүү суусундуктарга акциз 1 литр үчүн 100 сомдон 120 сомго чейин жогорулады. 2022-жылы акциз 140 сомду, 2023-жылдан тарта 160 сомду түзөт.
Этил спиртине акциздин наркы 1 литр үчүн 120 сом өлчөмүндө белгиленди, мурда 100 сом болчу. Кийинки 2 жылда акциз салыгы жыл сайын 20 сомго жогорулайт.
Коньяктарга акциз 1 литр үчүн 70 сомдон 80 сомго чейин жогорулаган. 2022-жылы бул сумма 90 сомду, 2023-жылдан баштап 100 сомду түзөт.
Ошондой эле аз алкоголдуу суусундуктарга акциз 1 литрге 200 сом өлчөмүндө калды.