Эл аралык Түрк маданиятын жана өнөрүн таанытуу уюму (ТүркСОЙ) менен Кыргызстандын «Манас» жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясы кызматташа турган болду.
Бүгүн, 29-январда уюмдун башкы катчысы Дүйсен Касейинов менен академиянын президенти Топчубек Тургуналиев «Эки тараптуу кызматташтык жөнүндө» келишимге кол коюшат.
Иш-чара саат 16.00гө белгиленген.
Жыйынга ТүркСОЙдун жооптуу кызматкерлери, Казакстандын жана Кыргызстандын бир катар саясий, маданий жана коомдук ишмерлери, илимпоздор, окумуштуулар катышып, кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланат.