Биз менен байланышыңыз

Эксперттер: Жапаровду колдогон тышкы уюм же өлкө бар болушу мүмкүн

Саясат | 28 Янв 2021 | 1485 | 0

Президенттик кызматка жаңыдан киришкен Садыр Жапаров алгачкы кайрылуусунда алдыда жасай турган иштерине токтолуп, 5-6-октябрдагы калың элдин үмүтү уурдалбай турганын, кыргызстандыктардын ошол күндөгү койгон талабын жүзөгө ашыруу президенттик кызматындагы негизги багыты болорун айтты.

Садыр Жапаров отуз жылдан бери бийликтин экономикалык калпыс саясаты өлкөдө жакырчылыкты жогорулатып, жумушсуздукту күчөткөнүн белгиледи. Президент бул кырдаалдан чыгуу үчүн болгон аракетин жумшаарын, экономикалык ири долбоорлорду ишке ашырып, жумуш орундарын түзүп, сырттагы мигранттарды кайтарып келерин кошумчалады. Ири долбоорлор катары Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтери, Жогорку Нарын каскады бүткөрүлмөкчү.

Айрым саясат талдоочулар Жапаровдун кызматка киришип жатып сүйлөгөн сөзүн убада катары түшүнүү керектигин, бул сөздөр анын алдыдагы 6 жылдык ишинен кабар берерин айтат. Саясат талдоочу Азамат Темиркулов Жапаровдун кайрылуусундагы ири долбоорлор боюнча өз оюн билдирип, бул айтылгандарды аткаруу үчүн башка бир өлкөнүн же эл аралык уюмдун колдоосу болушу керектигин, өлкө башына келген Жапаровдо мындай булак бар болушу мүмкүн экенин белгилейт.

«Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтерин, Жогорку Нарын каскадын курабыз деп ишенимдүү айтты. Жумуш орундарын кескин көбөйтүү, ири долбоорлорду бүтүрүү экономика туруктуу мезгилде да аткарылган эмес. Тышкы уюмдардан же башка өлкөдөн колдоо болмоюнча, аны бүтүрүү мүмкүн эмес. Демек, Жапаровду колдой турган уюм же өлкө бар болушу мүмкүн».

Садыр Жапаров Кыргызстан президенттик башкаруу аркылуу мыйзамдын үстөмдүгү орногон, адилеттик өкүм сүргөн бейкут коомду түзө аларына ишенет. Ошондой эле өлкөбүз мыйзам жоболору кынтыксыз аткарылган, экономикалык жана саясий реформалардын жоопкерчилигин көтөргөн бийлик системасына муктаж экенин да айтып өттү.

Андан тышкары мамлекеттин тышкы саясаты көп векторлуу багытынан кайтпай турганын белгилейт. Буларды айтуу менен бирге, Кыргызстандагы саясий окуяларга тынчсызданган Орусияга, пандемия учурунда жардам жиберген Өзбекстан менен Казакстанга ыраазычылыгын билдирип, Түркия, Кытай өлкөлөрү менен ымаланы улантууга үмүт артаарын, Америка, Европа жана Азия мамлекеттери менен кеңири кызматташууга умтулаарын маалымдады.

Жапаровдун сөздөрүн кубаттаган саясат талдоочу Аскар Бешимов Кыргызстандын тышкы саясатында көп вектордуулук сакталбаганын айтат. Себеби буга чейинки бийликтер ири державалардын бирине ыктап, бардык өлкөлөргө тегиз ымала жасабай келген.

«Биздин тышкы саясатта көп вектордуулук деген жок. Жалаң эле Москванын үнүн угуп келдик. Андай эмес, баарына бирдей мамиле жасалышы керек. Ири державалардын бирине ыктап, койнуна кирип алуу туура эмес. Баарына тең мамиле кылсаң, тышкы саясатта дос же душман деген болбойт».  

Дагы бир саясат талдоочу Эмил Жороев Жапаровдун бүгүнкү кайрылуусу убада катары кабылдануусу керек деген ойдо. Ал Жапаровдун премьер-министрлик кызматка, президенттин милдетин аткарууга киришер алдында да ушундай убадаларды бергенин белгилейт. Тилекке каршы, айткандарынын айрымдары аткарылмак тургай, тескерисинен кеткенине да кейийт.

«Легитимдүү президент катары Жапаровдун бул айткандары — жакшы жышаан. Бирок, мындай убадаларын ал президенттин милдетин аткаруучулук кызматка келер алдында, шайлоо күнкү маалымат жыйынында да айткан эле. Алардын көпчүлүгү ишке ашырыла элек, же баштала да элек. Ал эми экономикалык оор кырдаалдан чыгуу жолдорунун, механизмдеринин, реформалардын мазмундары Жапаровдон, же анын командасынан көрүнө элек. Тескерисинче, кээ бир суроо туудурган аракеттерге күбө болуп отурабыз».

Садыр Жапаров бүгүн расмий түрдө президенттик кызматка киришти. Азыркы Конституция боюнча анын президенттик мөөнөтү алты жылга созулат.

Copyright © 2017 Maral FM