Биз менен байланышыңыз

Президенттин инаугурациясы башка өлкөлөрдө кандай өтөт?

Дүйнө | 28 Янв 2021 | 1251 | 0

Инаугурацияны өткөрүү салтанаты негизинен АКШнын тажрыйбасына таянып алынган. Бүгүн президенттин ант берүү аземи  пандемия шарттарынан улам коопсуздук чаралары эске алынып, буга чейинки президенттердин ант берүү аземинен өзгөчөрөөк уюштурулду. Дегеле дүйнө эли инаугурация салтанатын кандай өткөрөт, башка өлкөлөрдөгү тажрыйбасы кандай?

Айрым өлкөлөрдө белгилүү бир датаны инаугурация өткөрүү күнү катары белгилеп алышкан. Мисалы, АКШ 20-январда, Мексика 1-декабрда, Бразилия 15-мартта, Колумбия 7-августта, Германия 1-июлда өткөрөт.

АКШнын 45-президенти Дональд Трамптын инаугурациясы башка президенттердикинен айырмаланып, эң кымбат ант берүү салтанаты катары тарыхта калган. Аны өткөрүүгө мамлекеттик бюджеттен 90 миллион доллар жумшалган.

Ал эми Жо Байдендин инаугурациясы пандемия менен башаламандыктарга байланыштуу башкача форматта өттү. Ант берүү алдында баш калаа Вашингтон курчоого алынган байыркы сепилдерди элестетип турду. Жолдорго тикен зым тартылып, 25 миңдей коопсуздук кызматкери тартипти көзөмөлгө алды. Трамптын тарапташтары Капитолийди ээлеп алып, беш киши каза тапкан окуядан кийин коопсуздукка өзгөчө маани берилди.

Шаан-шөкөттү жакшы көргөн Бразилияда президент ант берген соң, ачык автомобилде элди кыдырып чыгат.

Ал эми Чехияда антты жаңылбай, такалбай бериши зарыл. Эгерде такалып калса, коомчулук шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, жадагалса жаңы шайлоо мөөнөтүн белгилеп коюуга да барышы ыктымал. Бактыга жараша, азырынча андай көрүнүш каттала элек.

Украинада болсо, инаугурация учурунда президенттик мөөрдү беришет. Аларда динге берилген мамлекет катары президенти «Евангелйиге» колун коюп, ант берет.

Беларусияда мындай салтанат бир эле президентке буйруган. Тагыраагы, Александр Лукашенко 5 жолу инаугурациясын өткөргөн.

Түркмөнстандагы инаугурация өткөрүү кыргыздардын байыркы салтына окшошуп кетет. Ак кийиз салып, дасторкон жайып, шайланган президентке жебелүү жаа карматат. «Жебелүү жаа элдин биримдигин, ынтымагын көрсөтөт», — деп чечмелешет сурагандарга.

Францияда инаугурация протоколдун негизинде катаал тартипте өтөт. Президент элге ант бербейт, бирок кыскача сөз сүйлөйт жана ага ядролук чемодан тапшырылат.

Германияда ант берүү аземи милдеттүү эмес, бирок баш тартуу да сунушталбайт. Негизи президент ага чейин эле парламент менен иштешип баштайт. Эгерде президент экинчи мөөнөткө шайланса, анда инаугурация өткөрүлбөйт.

Мексикада инаугурациянын атайын протоколу жок. Ошондуктан ар биринде президент өзү каалагандай өтүшү мүмкүн. Мисалы, 2000-жылы Мексиканын президенти болгон Висенте Фокс кедейлерге болгон камкордугун көрсөтүү максатында Мехикодогу үй-жайсыз селсаяктар менен эртең мененки тамакты чогуу ичкен.

Copyright © 2017 Maral FM