Биз менен байланышыңыз

«Аэрофлоттун» каттамдарынын кыскартылганы боюнча түшүндүрмө

Кыска кабар | 28 Янв 2021 | 394 | 0

«Аэрофлот» авиакомпаниясы COVID-19 пандемиясынан улам эл аралык 80 шаарга болгон каттамдарындагы күнүмдүк рейстерди азайтууда. Бирок, Бишкек жана Ошко болгон каттамдары ар жума күнү улана берет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, «Аэрофлоттун» Москва-Бишкек-Москва, Москва-Ош-Москва багыттары күн сайын учуп жаткан. Эми аталган каттамдар Кыргызстанга аптада бир жолу, жума күндөрү гана учат.

Авиакомпания пандемиядан улам 28-марттан 30-апрелге чейин күнүмдүк учууларын кыскартты.

Учурда өлкөдө «Авиа Траффик Компани» компаниясы Бишкек—Москва—Бишкек багыты боюнча жумасына бир жолу каттайт.

Министрлик Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы авиакаттамдарды көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кабарлады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM