Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан коррупция боюнча эл аралык рейтингде 124-орунду алды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Янв 2021 | 600 | 0

Transparency International эл аралык кыймылынын 2020-жылды көрсөткөн акыркы рейтинги боюнча, Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 124-орунду ээледи.

Тактап айтканда, Кыргызстан жемкордук көп жайылган 180 өлкөнүн ичинен 54-өлкө катары катталган. Бул көрсөткүч мурдагы жылдарга салыштырмалуу 2 тепкичке жакшырган.

Рейтингдин сап башында Дания (88), Жаңы Зеландия (88) жана Финляндия (85) турат. Индекс канчалык жогору болгон сайын, коррупциянын деңгээли ошончолук төмөн дегенди түшүндүрөт. Демек, аталган өлкөлөрдө жемкордук дээрлик жокко эсе.

Бул кыймылды Украина жана Орусия сыяктуу өлкөлөр «булардын рейтинги күмөндүү» деп сындап келишет.

Мындан тышкары, ТОП-10до Финландия, Сингапур, Швеция жана Швейцария (85 баллдан), Норвегия (84), Нидерланды (82), Германия жана Люксембург (80) өлкөлөрү бар.

Дүйнө боюнча жемкорлуктун деңгээлине кайрылсак, корруцпия күч алган өлкө катары Сомали (12), Түштүк Судан (12) жана Сирия (14) өлкөлөрү турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM