Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк банктардан 2,5 млрд доллар уурдаган хакерлер кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Янв 2021 | 586 | 0

Украинанын укук коргоо органдары Европол жана АКШ, Германиядагы кесиптештери менен биргеликте дүйнөнүн бир нече өлкөсүндөгү банктарга кибер чабуулдарды жасаган хакерлер тобун колго түшүрүштү. Бул тууралуу Украинанын Башкы прокуратурасы билдиргенин Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

2014-жылдан бери иштеп келаткан топ сыр сөздөрдү, логиндерди жана төлөм маалыматтарын уурдоого багытталган «банк трояндарын» колдонуп, компьютерлерге кирип жүрүшкөн.

Маалыматка караганда, кылмышкерлердин мындай аракетинен Улуу Британия, Германия, Австрия, Швейцария, Нидерланд, Литва жана АКШдагы каржы мекемелери зыянга учураган. Алар уурдаган каражаттын жалпы суммасы 2,5 миллиард долларды түзгөн.

Хакерлер Украинанын Харьков шаарында жана Харьков облусунун аймагында иштешкен. Тинтүү маалында алардан кылмыш жасоо үчүн колдонулган компьютердик жана сервердик жабдуулар табылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM