Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирустан Бишкек шаарында үч бейтап каза болду. Муну менен бул оорудан көз жумгандардын саны 1405ке жетти.
27-январга карата COVID-19 вирусунун 107 жаңы учуру катталды. Өлкөдө коронавирустун катталган жалпы учурлары 84 миң 175ти түзүүдө.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 148 бейтап сакайды. Жалпы айыккандар 80 330 адам болду.
Акыркы суткада медициналык кызматкерлер арасында вирус жуктуруп алгандар катталган жок, ошол эле күнү үч медик айыкты. COVID-19 вирусу жалпы 4168медикке жуккан, анын ичинен 4080 медкызматкер сакайды.