Биз менен байланышыңыз

Жактоочу: Курсан Асановдун кармалышы жаңы бийликтин беделин гана түшүрөт

Кыска кабар | 27 Янв 2021 | 725 | 0

Ички иштер министринин мурдагы орун басары, президенттик шайлоодо талапкер болгон Курсан Асанов 26-январда Ички иштер министрлиги тарабынан кармалды. Бул тууралуу анын жактоочусу Икрамидин Айткулов «Маралга» кабарлады.

Жактоочунун маалыматына караганда, Курсан Асановго Жазык кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулуштарды басып алуу») боюнча кылмыш иши козголду.

«Асановду кармоо боюнча чыккан токтомдо «Имараттарды жана курулуштарды басып алуу» беренеси жазылган. Бирок эмне кылмышка шектелип жатканы айтыла элек. Менин түшүнгөнүм боюнча, Октябрь окуялары учурунда Курсан Асанов Ички иштер министрлигинин имаратын басып алууга шектелип жатат окшойт».

Айткуловдун пикиринде, ИИМдин Тергөө кызматынын Курсан Асановду кармоо жөнүндө чечими жаңы бийликтин ишине карама-каршы болуп жатат.

Себеби Курсан Асанов Октябрь окуялары учурунда башаламандыктардын алдын алууга аракет кылган.

«Курсан Асанов Октябрь окуялары учурунда Ички иштер министрлигинин жетекчилиги качып, эч ким эмне кылууну билбей турганда өз авторитетин колдонуп, жагдайды жөнгө салууга аракет жасады. Ошол кезде президент да жок болчу. Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп турган. Ал Асановду ички иштер тармагындагы абалды көзөмөлдөө үчүн министрликке жиберген. Ошондуктан Курсан Асанов мыйзамсыз иш жасаган эмес. Ал кимдир бирөөнү кызматка коюп же алып, же кайсы бир документке кол койгон милдеттерди аткарган эмес. Ал жөн гана ошол учурдагы башаламандыкты жөнгө салды. ИИМ азыр кайра аны кылмышка айыптап жатканы мыйзамсыз». 

Курсан Асанов 2020-жылдын 7-октябрында Ички иштер министринин милдетин убактылуу аткаруучу жана Бишкек шаарынын коменданты болгон. 6-октябрда таңга жуук эл Ак үйдү басып алып, бир катар саясий туткундар абактан чыгарылган.

9-октябрда борбордук «Ала-Тоо» аянтында болуп өткөн массалык башаламандыкка байланыштуу кылмыш иши ачылып, анын алкагында Курсан Асанов кармалган. Кийин үй камагына чыккан.

Курсан Асанов мурун Ички иштер министринин орун басары кызматын аркалаган, ал кызматтан 2019-жылы кеткен.

Ал эми парламенттик шайлоодо ал «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен аттанган.

Copyright © 2017 Maral FM