Биз менен байланышыңыз

Кыргыз Эл акыны Рамис Рыскулов дүйнө салды

Кыска кабар | 26 Янв 2021 | 2256 | 0

Кыргыз Эл акыны Рамис Рыскулов 87 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Кыргыз улуттук жазуучулар союзу «Маралга» билдирди. Анын сөөгү учурда онкологиялык ооруканада экени айтылды.

Рамис Рыскулов кыргыз поэзиясынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири болгон. Ал чыгармачыл чөйрөгө жаштайынан аралашып, 1960-жылдардан бери бул тармакта үзүрлүү эмгектенип келген. Анын алгачкы чыгармалар топтому «Жаз» деп аталган.

Ошондой эле ал Пушкин, Маяковский, Некрасовдордун чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Рамис Рыскулов бир гана акын эмес, сүрөтчү да болгон. Ага 1995-жылы «КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамы берилген. 1996-жылы «Кыргыз Эл акыны» наамы ыйгарылган.

 

Copyright © 2017 Maral FM