Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 27-январда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…+3;
Талас облусунда: түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…+2;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн -4…-9, күндүз +3…+8;
Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…+4;
Нарын облусунда: түнкүсүн -19…-24, күндүз -5…-10;
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12, күндүз +1…+3 градус болот.