Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 5 пайыз деңгээлинде калтырды. Мындай чечим 25-январда кабыл алынды.
Банктын маалыматы боюнча, дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат рынокторунда айрым товарларга баалар өсүүдө. Кыргызстанга май жана кант алып келинген өлкөлөрдө аталган товарларга баалар туруктуу негизде жогорулап жатат.
Жылдык инфляция көрсөткүчү 2021-жылдын январь айында 9,9 пайызды түзгөн. 2021-жылдын биринчи чейрегинде алкоголдук жана тамеки продукциясына акциздерди план чегинде жогорулатуу инфляция динамикасын жогорулаткан кошумча фактордон болот.
Учурдагы экономикалык шарттарда, белгилүү бир жогорулоодон кийин жылдын орто ченинде инфляция бир аз турукташат жана жыл акырында бир маани чегинде калыптанат.
Былтыр бир гана айыл чарбасында өсүш байкалды, ал да 1%ды түздү