Биз менен байланышыңыз

Былтыр бир гана айыл чарбасында өсүш байкалды, ал да 1%ды түздү

Кыска кабар | 14 Янв 2021 | 1542 | 0

Кыргызстандын экономикасы 2020-жылдын жыйынтыгында 9 пайызга төмөндөдү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет  кабарлады.

2020-жылдын январь-декабрь айларында ички дүң өңдүрүмдүн көлөмү алдын ала баалоо боюнча 598 миллиард сомдон ашты. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 8,6 пайызга төмөндөгөнүн көрсөттү.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, былтыр ИДӨнүн көлөмү 530 миллиард сомго жакындап, 9 пайызга азайды.

Өнөр жай өндүрүмүнүн көлөмү 2020-жылдын январь-декабрында 319 миллиард сомдон ашты жана өткөн жылга салыштырмалуу 6,6 пайызга төмөндөдү.

Өнөр жай тармагынын төмөндөшүнө таасир эткен жагдайлар:

-күйүүчү майдын көлөмүнүн (59,3 пайыз) кыскарышы;

-текстиль өнөр жайы, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жана булгаарыдан жасалган буюмдар (21,5 пайыз);

-жыгач жана кагаздан жасалган буюмдар, полиграфиялык ишмердик (13,2 пайыз);

-резина жана желим буюмдар, металл эмес минералдык азыктар (7,0 пайыз);

-азык-түлүк өндүрүү (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки (6,6 пайыз);

-темир жана темирден жасалган буюмдар, буга машина менен жабдуулар кирбейт (4,4 пайыз);

-ошондой эле жер астынан казылган баалуу металлдардын (22,4 пайыз) кыскарышы таасирин тийгизди.

Курулуш тармагындагы төмөндөөлөр 15,9 пайызды түздү. Дүң жана чекене соода тармагында көрсөткүчтөр 16,1 пайызга азайды.

Бир гана айыл чарбасында оң тенденциялар байкалды, анда өндүрүүнүн көлөмү 1,1 пайызга өстү.

2020-жылы жалпы республика боюнча керектөө баалары жана тарифтер дээрлик 10 пайызга жогорулаган.

-тамак-аш өндүрүмүнүн жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 17,6 пайызга өстү;

-алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге болгон баалар 6,7 пайызга;

-калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери 3,0 пайызга өскөнү байкалды.

-ал эми азык-түлүк эмес товарларга болгон баалар 2,4 пайызга жогорулады.

Copyright © 2017 Maral FM