Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз темир жолу» ишканасындагы коррупция. Мурдагы башчы үй камагына чыкты

Кыска кабар | 26 Янв 2021 | 458 | 0

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын Түштүк филиалынын мурдагы башчысы мамлекетке келтирген зыян толугу менен төлөнгөндөн кийин камактан бошотулган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Мурда маалымдалгандай, мамлекеттик ишкананын Түштүк филиалынын мурунку жетекчилиги жана жооптуу адамдары көзөмөлдөнгөн чарбалык субъектилердин катышуусу менен жогорулатылган баада мамлекеттик сатып алуу иштерин жүргүзгөн.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын Түштүк филиалынын мурдагы башчысы «Ю.Б.К.» темир жол тармагын өнүктүрүүнүн кызыкчылыктарына каршы келген мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында жеке мамлекеттик сатып алуу үчүн келтирилген чыгымдын суммасы 11,7 миллион сом болгон.

2020-жылдын 14-декабрында Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде «Ю.Б.К.» кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 2021-жылдын 14-февралына чейин камакка алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө ал өзүнө тагылган айыпты толук моюндап, мамлекетке келтирген зыянды төлөп бергени жана үй камагына чыгарылганы айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM